Legal:Confidentiality agreement for nonpublic information/How to sign/ky: Difference between revisions

From Wikimedia Foundation Governance Wiki
Content deleted Content added
Bosogo (talk | contribs)
Created page with "Ушул кадамдарды кылганыңыз үчүн рахмат. Эми Купуялык макулдашуусуна кол койгонуңуздан юридикалык милдеттенмеңиздер пайда болуп, купуя маалыматка жете аласыз."
Bosogo (talk | contribs)
Created page with "'''Купуялык боюнча негизги макулдашуу''' Викимедиа фонду тарабынан каралат. Макулдугуңуз каралып чыккандан кийин, колдонуучу атыңызды макул болгондордун катарына кошуу менен макулдугуңузду көрсөтүү үчүн Викимедиа фонду Мета-викидеги $2|макулдуктарг..."
Line 59: Line 59:
== Жыйынтыктоо ==
== Жыйынтыктоо ==


'''[[:m:Special:MyLanguage/Wikimedia Foundation|Купуялык боюнча негизги макулдашуу]]''' [[:m:Special:MyLanguage/Wikimedia Foundation|Викимедиа фонду]] тарабынан каралат. Макулдугуңуз каралып чыккандан кийин, колдонуучу атыңызды макул болгондордун катарына кошуу менен макулдугуңузду көрсөтүү үчүн Викимедиа фонду Мета-викидеги [[:m:Access to nonpublic personal data policy/Noticeboard|макулдуктарга көз салуу тактасын жаңыртат]] (чыныгы аты-жөнүңүз аны колдонуучу атыңыз катары колдонбосоңуз эле көрүнбөйт).
<div lang="en" dir="ltr" class="mw-content-ltr">
The general confidentiality agreement for nonpublic information is processed by the [[:m:Special:MyLanguage/Wikimedia Foundation|Wikimedia Foundation]]. Once your agreement has been processed by the Foundation, the [[:m:Access to nonpublic personal data policy/Noticeboard|noticeboard tracking agreements]] on Meta-Wiki will be updated by the Wikimedia Foundation to indicate that your username has agreed (your real name will not be listed, unless it is also your username).
</div>


<div lang="en" dir="ltr" class="mw-content-ltr">
<div lang="en" dir="ltr" class="mw-content-ltr">

Revision as of 15:01, 18 May 2024

Бул баракта Купуя жеке маалыматка жетүү саясатына ылайык келүү үчүн Купуялык макулдашуусуна кол коюу үчүн эмне кылышыңыз керек баяндалат. Саясатта айтылгандай, бул талап купуя маалыматка жетүүсү бар Викимедиа ыктыярчыларынын топторуна тийиш. Бул келишимге кол коюуга тийиш болгон ыктыярчылардын катарына VRT мүчөлөрү, чекюзерлер, көзөмөлчүлөр жана стюарттар кирет.

Таржымал

Викимедиа фонду жаңы Купуя жеке маалыматка жетүү саясатын 2018-жылдын 6-ноябрында бекиткен. Мурдагы саясат жаңы саясатта каралган жол-жоболор ишке киргизилген чейин — 2018-жылдын 15-ноябрына чейин күчүндө болгон.

Ушул саясатка тиешеси бар ыктыярчылар купуя жеке маалыматка жетүүсүн сактап калышы үчүн 2019-жылдын 13-февралына чейин Купуялык макулдашуусуна кол коюу керектиги жөнүндө алгачкы билдирүүлөр 2018-жылдын 15-ноябрынан баштап жөнөтүлө баштаган.

2018-жылдын 15-ноябрынан кийин купуя маалыматка жетүүгө жактырылган ыктыярчылар жетүү укуктарын алуу үчүн алдын ала Купуялык макулдашуусуна кол коюшу керек.

1-кадам: Фабрикатор аккаунтуңузду түзүңүз

Викимедиа аккаунтуңуз аркылуу Фабрикатор аккаунтуңузду кантип түзсөңүз болот (англисче)
Фабрикатордогу профилиңизди кантип түзөтсө болот (англисче)
Кошумча маалымат: MediaWiki.org сайтындагы Фабрикатор боюнча жардам

Купуялык макулдашуусуна кол коюу Фабрикатордун Legalpad аркылуу жүргүзүлүп, көзөмөлдөнөт.

Купуялык макулдашуусуна кол коюу үчүн Фабрикатор аккаунтуңузду тууралашыңыш керек (кыла элек болсоңуз):

  1. Викимедиа аккаунтуңузга киргениңизди текшериңиз.
  2. Фабрикатор аккаунтуна кирүү барагына өтүңүз.
  3. «Login or Register - MediaWiki» деген күн карама баскычын басыңыз.
  4. MediaWiki.org сайтына байланышканыңызды ырастаңыз.
  5. Фабрикатор колдонуучу атыңызды сурайт (العَرَبِيةُ же 中华民族 сыяктуу латын эмес белгилерди камтыбашы керек). Мүмкүн болсо, Википедиядагы колдонуучу атыңызды колдонуңуз. Мындан тышкары, электрондук почтаңыз да талап кылынат, бирок ал башка колдонуучуларга көрсөтүлбөй.
  6. Manage (жогорку оң жакта) > Edit Profile (оң жакта) баскычтарын басып, сизди оңой табуу жана Купуялык макулдашуусундагы кол тамгаңызды оңой аныктоо үчүн «Also Known As» жерине толук аты-жөнүңүздү жазыңыз.

Фабрикатор аккаунтуңуздун колдонуу жана параметрлерин тууралоо тууралуу көбүрөөк маалымат алгыңыз келсе, MediaWiki.org сайтындагы Фабрикатор боюнча жардам барагына өтүңүз.

2-кадам: Билген тилиңиздеги Купуялык макулдашуусу менен таанышып чыгыңыз

Купуялык макулдашуусуна кол коюудан мурун, эмне менен макул болуп жатканыңызды толук түшүнүү үчүн Купуялык макулдашуусун билген тилиңизде окуп чыгыңыз.

ЭСКЕРТМЕ: Документте атайылап «Х жаш» деп көрсөтүлгөн, себеби кол коюучунун ролуна жараша иш жүзүндө кол коюла турган документте 16 же 18 жаш көрсөтүлүшү мүмкүн. Legalpad алкагында ыктыярчылар кол коё турган документтерде тийштүү курак көрсөтүлөт.

3-кадам: Фабрикатордон Купуялык макулдашуусуна кол коюңуз

Фабрикатордогу Legalpad аркылуу Купуялык макулдашуусуна кол коюу үчүн:

  1. Фабрикатор аккаунтуңузга киргениңизди текшериңиз.
  2. Фабрикатордогу Legalpad'деги тийиштүү макулдашууга өтүңүз:
  3. Түшүнүгүңүздү текшериш үчүн макулдашууну дагы бир жолу карап чыгыңыз.
  4. Макулдашуунун ылдый жагындагы «Agree and Sign Document» («Макул болуп, документке кол коюу») бөлүгүндөгү «Name» жеринде аты-жөнүңүз көрсөтүлгөнүн текшериңиз.
  5. «I agree to the terms laid forth above» («Жогорудагы шарттарга макулмун») кутучасы белгиленгенин текшериңиз.
  6. «Sign Document» («Документке кол коюу») баскычын басыңыз.

Жыйынтыктоо

Купуялык боюнча негизги макулдашуу Викимедиа фонду тарабынан каралат. Макулдугуңуз каралып чыккандан кийин, колдонуучу атыңызды макул болгондордун катарына кошуу менен макулдугуңузду көрсөтүү үчүн Викимедиа фонду Мета-викидеги макулдуктарга көз салуу тактасын жаңыртат (чыныгы аты-жөнүңүз аны колдонуучу атыңыз катары колдонбосоңуз эле көрүнбөйт).

The VRT users confidentiality agreement for nonpublic information is processed by the VRTS admins. Once your agreement has been processed by the VRTS admins, the noticeboard tracking agreements on the private VRT wiki will be updated by the VRTS admins to indicate that your username has agreed (your real name will not be listed, unless it is also your username).

Ушул кадамдарды кылганыңыз үчүн рахмат. Эми Купуялык макулдашуусуна кол койгонуңуздан юридикалык милдеттенмеңиздер пайда болуп, купуя маалыматка жете аласыз.