Wikimedia Licensing Policy

From Wikimedia Foundation Governance Wiki
This page is a translated version of the page Resolution:Licensing policy and the translation is 95% complete.

Колдонулуучу түшүнүктөр

Долбоор
Викимедиа фондунун бир же бир нече тилдеги долбоору. Мисалы, Кыргыз Википедиясы, Англис Викибулагы же Мета.
Эркин лицензия
//freedomdefined.org/Definition/1.0 сайтындагы лицензияларга тиешелүү «Эркин маданий чыгармалардын аныктамасынын» 1.0 нускасынын талаптарына жооп берген лицензия.
Чектөө доктринасынын саясаты (ЧДС)
Америка Кошмо Штаттарынын жана белгилүү бир долбоорду негизинен колдонгон өлкөлөрдүн мыйзамдарына (бар болсо) ылайык автордук укук жаатындагы мыйзамдардын (анын ичинде сот практикасын) долбоорго колдонулушун чектөөнү аныктаган, жана лицензиялык макамына карабастан долбоордун контекстинде мыйзам чегинде колдонулушу мүмкүн болгон автордук укук менен корголуучу материалдарды жүктөөгө жол берген тийиштүү долбоордун эрежеси. Мисалы: //en.wikipedia.org/wiki/Wikipedia:Non-free_content and //pl.wikinews.org/wiki/Wikinews:Dozwolony_u%C5%BCytek. АКШдагы ак ниет колдонуу тууралуу кененирээк билгиңиз келсе, бул жерди караңыз: meta:Wikilegal/Primer on U.S. Fair Use/Copyright Law for Website.

Чечимдер

Эгерде Викимедиа фонду «бүткүл дүйнө жүзүндөгү адамдарды эркин лицензиянган билим берүү материалдарын топтоого жана өнүктүрүүгө шыктандыруу, аларды колдоо» миссиясын көздөсө, анда

  1. бардык долбоорлор эркин лицензияланган же жогоруда айтылган «Эркин маданий чыгармалардын аныктамасына» ылайык кандайдыр бир башка себеп үчүн эркин деп эсептелген материалдарды гана кабыл алышы керек;
  2. мындан тышкары, Викиказынаны кошпогондо, ар бир долбоордун жамааты ЧДСти иштеп чыгып, кабыл ала алышат. ЧДС ылайык колдонулуучу эркин эмес материалдар машина окуй турган форматта аныкталып, аларды сайттын колдонуучулары да, сайттын мазмунун маалымат булагы катары колдоно тургандар да оңой аныкта алгыдай болушу керек;
  3. мындай ЧДСтер чакан болушу керек. Аздыр-көптүр чектөө менен, көрүнүктүү тарыхый окуяларды чагылдырууда, макалаларга логотиптер сыяктуу корголгон чыгармаларды кошууда же автордук укук менен корголгон заманбап искусство чыгармалары тууралуу макалаларды толуктоодо (кууш чөйрөдө) колдонулушу керек. Кимдир бирөө эркин эмес материалдардай, бирок эркин лицензияланган файлды жүктөшү мүмкүн болгон учурда, ЧДС андайдарды колдонууга жол бербеши керек. Мисалы, тирүү белгилүү адамдардын дээрлик бардык портреттери үчүн ушундай. ЧДС алкагында колдонулуучу кандай гана материал болбосун, ошол эле билим берүү максатында колдонула турган эркин лицензияланган чыгармалар менен алмаштырылышы керек;
  4. ЧДС алкагында колдонулуучу файлдардын колдонулушуна негиз жок болсо, өчүрүлүшү керек. Алар, эркин лицензияланган башка материалдардын контекстинде гана колдонулушу керек;
  5. Учурда ЧДС бар долбоорлордо төмөнкү чаралар көрүлүшү керек:
    • 2007-жылдын 23-мартынан тарта кабыл алынгыс лицензияланган (жогоруда аныкталгандай) жана ЧДС боюнча колдонууга негиздемеси жок жаңы жүктөлүүчү файлдардын баары жок кылынышы керек. Колдонулуп келе жаткан сыяктуу лицензияланган файлдар талкууланып, алардын колдонулушунун негиздүүлүгү аныкталат, аныкталбаса — алар да жок кылынышы керек;
  6. учурда ЧДС жок долбоорлордо төмөнкү чаралар көрүлүшү керек:
    • 2007-жылдын 23-мартынан тарта кабыл алынгыс лицензияланган бардык жаңы жүктөлүүчү файлдар жок кылынышы керек;
    • Фонд, ЧДСти өз иштеп чыгуу жол-жобосу менен иштеп чыгууну каалаган бардык долбоорлордун жамааттарына жардам бермекчи;
    • жогоруда айтылганга ылайык, 2008-жылдын 23-мартына чейин кабыл алынгыс лицензияланган бардык файлдар ЧДСке ылайык кабыл алынышы же жок кылынышы керек.

2007-жылдын 23-мартында 7 добуш менен кабыл алынган.